• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Аксыдагы сел алган айылга барды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын селден жабыркаган айылдарына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерте кетсек, катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Аксыда 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адамдын сөөгү табылган. Дагы 3 жана 5 жаштагы балдарды издөө иштери улантылууда. Ага куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана тургундар тартылган.

Облус башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугуп, тийиштүү кызматтарга тез аранын ичинде селден жабыркаган турак үй жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий