• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунун башчысы БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абадда облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар акыркы учурдагы Кыргызстандагы, анын ичинде Жалал-Абад облусундагы аялдар кабылган көйгөйлөрдү талкууга алды. Улзийсурен Жамсран аялдардын коомдо жана үй-бүлөдө учураган зордук-зомбулуктарынын алдын алууда алардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Аны менен бирге COVID-19 илдети учурунда да аталган уюм тарабынан аялдардын укуктарын коргоо багытындагы аракеттер тынымсыз алып барылгандыгы айтылды. Бирок бул багыттагы терс көрүнүштөр дагы да катталып жатканы, аны менен күрөшүүдө мамлекеттик башкаруу жана чечүүчү кызматтарда аялдардын көбүрөөк болуусу көйгөйдү оң тарапка багыттоого көмөк көрсөтөрүнө токтолду. БУУнун бир катар долбоорлорунун алкагында аймактардагы ВИЧ/СПИД илдетине кабылган, көп балалуу жана жалгыз бой энелер менен да иш алып барылары айтылды.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусунун 1 млн 264 миң калкынын 46,7 пайызын аялдар түзөрүн, ошол эле учурда билим берүүдө 55, саламаттык сактоо тармагынын 22 пайызында айымдар эмгектенери боюнча маалымат берди. Аны менен бирге жакында өтүүчү облус аймагындагы 62 айылдык, 7 шаардык кеңештердин баарында аялдар талапкерлиги көрсөтүлгөнү, жалпы 1 миң 549 депутаттык мандаттын 522сине аялдардын келүүсү күтүлөрүн айтты.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү тарабынан бул аракеттер аймактагы гендердик теңчиликти сактоодогу жылыш экени белгиленди.

Өкүл аялдардын коомдогу тең укуктуулугун коргоо жаатында аталган уюм менен биргеликте иш алып барууга ар дайым даяр экенин, бул багыттагы маселелерди жөнгө салууда көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий