• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы ЕБнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анда өкүл Европа Биримдиги Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча негизги долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү өнөктөш экенин айтып, тараптар учурдагы жана келечектеги кызматташтык аракеттеринин жүрүшүн талкуулады.

Өз сөзүндө Эдуард Ауэр облус аймактарын өнүктүрүү, жергиликтүү экономиканын киреше бөлүгүн жакшыртуу багытындагы бир канча ири долбоорлор жүргүзүлүп жатканын, мындагы аракеттерди дагы да улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Облус башчысы буга чейин Европа Биримдигинин биргелешкен каржылоосунда GIZ тарабынан Жалал-Абад облусунда жалпы бюджети 10 миллион еврону түзгөн “Аймактарды комплексттүү өнүктүрүү программасы” иш алып барып жатканын белгиледи. Ага айыл чарба, кайра иштетүү жана туризм тармактарындагы 17 долбоор жактырылганын айтты. Анын натыйжасында табигый айыл чарба азыктары ЕБга кирген мамлекеттерге экспорттоо көлөмү артканын белгилеп, алдыда жашыл экономиканы түзгөн облустагы суу ресурстарын пайдаланууда кызамтташуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенине токтолду.

Азыркы учурда Жалал-Абад облусунда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан Жалал-Абад, Кербен жана Майлуу-Суу шаарларынын таза суу сиситемасын реабилитациялоонун 2 фазасы каржылоосунда. Аны менен бирге Майлуу-Суу шаарындагы, Чаткал районундагы Сумсар жана Шекафтар айылдарында уран калдыктарын залалсыздандыруу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий