• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Кара-Дарыядагы жер боюнча түшүндүрмө берди

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүн онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов Кара-Дарыядагы жер боюнча түшүндүрмө берди.

Брифингде Нурболот Мирзахмедовго Кара-Дарыядагы жер Өзбекстанга өтүп кеткендиги тууралуу суроо узатылган. Анын айтымында, Сузак районунда 61 км жер Өзбекстан менен чектешип турат.

"2017-жылдын 5-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндөгү келишим Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн. Башкача айтканда, бул маселе толук кандуу чечилген. Бүгүнкү күндө ал жер Өзбекстандын жери деп аныкталууда. Бул боюнча 8-апрель күнү да атайын комиссия келип, маселени караган. Делимитация маселеси бүтүп, демаркация маселеси калган. Ал тосуу иштери бүтө элек дегенди түшүндүрөт. Тосуу иштерине келгенде аны эки мамлекет чогуу жүргүзүшү керек", - деди ал.

Мирзахмедов 1955-жылкы картада жана андан кийинки карталарда дагы ал жер Өзбекстандын жери деп көрсөтүлүп турганын айтат.

"Учурда жалпы 43 гектар жер болууда. Чек араны койгондо 37 гектар жер Өзбекстан тараптыкы, 6 гектар Кыргызстан тараптын жери болгон. 6 гектар жерди 4 кыргызстандык, 37 гектар жерди 17 адам иштетип келет. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан бери бул жер биздин жер эмес деп салык да алган эмес. Ошол эле кезде Кара-Дарыядагы жашоочулар ал өзбек тараптын жери экенин билет. Ал жерде "Лагерь" деген тилке болгон. Аны баары Өзбекстандын жери деп таанып келген. "Лагерди" Кыргызстан толук өзүнө алып, биздин жарандар иштетип келүүдө. Анын ордуна өзбек тарапка башка тилке берилген", - деди ал.

Мирзахмедов кошумчалагандай, Кара-Дарыядагы жер толугу менен чечилген.

Пикир

Оставить комментарий