• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Майлуу-Суудагы кооптуулук жараткан объекттерди көрүп чыкты

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы эскилиги жети, кооптуулук жараткан көпүрөнүн абалын көрдү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жай мында элүү жыл мурда курулуп, учурда көпүрө чөгүп, жаракалар пайда болгон. Мындан сырткары, айылдагы сел түшкөн каналдардын абалы менен да таанышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл кырсыктардын алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик жана тийиштүү кызматтардын жетекчилерине объектилерди оңдоо үчүн жумшалуучу каражатты тактоо тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий