• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунун башчысы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев шаардагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкулчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өкүл бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алдыда жогору окуу жайларда билимин улантуу менен туура кесип тандоого чакырды. Өлкөнүн өнүгүүсү өз ишин мыкты билген кадрлардан көз каранды экенин белгилеп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык жана “Ачык эшик күндөрүнүн” алкагында өткөрүлгөн жолугушууда бүтүрүүчүлөр ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Бул жылы Жалал-Абад облусунда 9 миң 578 окуучу 11-классты аяктады.

Пикир

Оставить комментарий