• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы сел жүргөн айылга барды

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Нурболот Мирзахмедов сел жүргөн айылга барып, жеринен кыдырууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 27-июлга караган түнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Жарадар айылында катуу жааган жаандын кесепетинин сел жүргөн.

Сел болгон аймакта 9 үйдү суу каптап, үч көпүрө жараксыз абалга келген. Азыркы учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан иш алып барылууда. Тазалоо менен кайра калыбына келтирүү жумуштарына 3 атайын техника тартылган.

Өкүл мындагы жабыркаган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтөөрүн айтты. Ага кошумча айыл өкмөт башчысына коопсуз жайдан жер тилкесин кароого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий