• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун башчысы түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушунан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушунан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы узундугу 433 чакырымды түзгөн Жалал-Абад-Балыкчы жолунун учурда 210 чакырымында асфальттоо иштери бүткөрүлгөн. Облус өкүлү альтернативдик жолдун Жалал-Абад -Казарман бөлүгүндөгү Көк-Арт ашуусу аркылуу өткөн тоннелдин курулушун көрдү.

Жаңы жол Жалал-Абад облусунан 203 чакырым аралыкты түзүп, 147 чакырымы бүткөрүлдү. Азыркы учурда 8 көпүрө пайдаланууга берилип, Нарын дарыясы аркылуу өткөн эки ири эстакадалык көпүрөнүн курулушу 95 пайызга аяктады.

Республикадагы ири долбоор болгон түндүк-түштүк жолундагы иш жүрүп жаткан жай өлкөдөгү эң узун тоннель болуп саналат. Анын жалпы узундугу 3 800 метр болсо, азыркы учурда 2 800 метрден ашуун аралыгында казуу иштери аяктаган. Ар түрдүү өзгөчө кырдаалдар эске алынып, кошумча техникалык тоннель да салынууда. Алдыда алардын эки тарабына кар көчкүдөн сактоочу эки галерея, үч эстакадалык көпүрө салынмакчы. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, анын болжолдуу наркы 21 миллион долларды түзөт. Жасалуучу жумуштар оор шартта жүрүп жаткандыктан облус өкүлү бардык коопсуздук чаралары так сакталуусу керектигин белгиледи.

Көк-Арттагы тоннель план боюнча 2018-жылы курулушу бүткөрүлмөк. Бирок геологиялык татаал шарт жана пандемияга байланыштуу жумуштар кечеңдеп, 2022-жылдын күз айларына казуу иштерин бүткөрүү мерчемделген. Үч фазага бөлүнгөн жолдун 1, 2-бөлүгүн тендерден уткан Кытайдын “Чайна Роад” компаниясы аткарууда. Жол куруу 2014-жылы башталып, жалпы 937 млн 500 миң АКШ доллары керектелет. Каражаттар насыя, грант жана кыргыз өкмөтү тарабынан каржыланууда.

Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун аралыгы Ош-Бишкек жолуна салыштырмалуу 330 чакырымга кыска болот.

Пикир

Оставить комментарий