• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун башчысы түркиялык инвесторлор менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Түркиянын бир катар шаарларында иш алып барган “AHM GROUP” курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга облустун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун акимдери да катышты. Тараптар Жалал-Абад облусунун аймагында ири курулуш долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан сырткары, туристик жайлардын шарттарын жакшыртуу тууралуу сөз болду.

"Ыйгарым укуктуу өкүл облус аймактарын өнүгүүсү үчүн натыйжалуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу, инвесторлор менен иш алып барууга ар дайым даяр экенин билдирди. Мындан сырткары кызматташуу боюнча бир катар сунуштарды берди. Бул багытта инвесторлорго белгиленген объекттер жеринде көрсөтүлөрүн кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий