• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Тогуз-Торо районунун активи менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Тогуз-Торо районунун мекеме-ишкана кызматкерлери жана район активдери мененижолугушту.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында алыскы аймактагы калкты түйшөлткөн бир катар маселелер көтөрүлдү. Алар таза суу, сугат суу, жол оңдоо, кооптуулук жараткан дарыя жээктерин бекемдөө жаатында экенин айтылып, тийиштүү областтык мекемелердин жетекчилерине суроолор берилип, талкууга алынды.

Облус өкүлү айтылган бардык маселелер, сунуштар боюна тармактарды тейлеген жетекчилер менен биргеликте атайын иш-чара түзүлүп, тийиштүү деңгээлдеги жумуштар жүрөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий