• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү талабын койду

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев калк арасында вакцина алуунун пайдасы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү талабын койду. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысы COVID-19га каршы облустук штабдын онлайн жыйынында Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарлары, Сузак жана Аксы районунда иш солгун жүргөнүн сынга алды. Бул багытта башка район-шаарларда да жумуш алгылыктуу эмес экенине токтолду. Бардык жетекчилер ошол аймактагы элдин ден соолугуна жооптуу экенин белгилеп, бир жуманын ичинде эмдөө өнөктүгүн сезилерлик алдыга жылдыруу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик медицина кызматкерлерине тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү табыштады. Облуста илдетке кабылгандар дагы да катталып жатканын айткан ыйгарым укуктуу өкүл, окуу жылынын башталышы менен калк арасындагы байланыш көбөйөрүн, мындан улам бардык коомдук жайларда санитардык эрежелер сакталышы керектигин белгиледи.

Жалал-Абад облусунда жалпы 435 миң 112 жаран эмдөө алуусу керек. Учурда алардан 116 миң 818 адам эмделди.

Пикир

Оставить комментарий