• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы жаштар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жаш активисттер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда өкүл акыркы убакыттарда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн билимдүү жаштарга көңүл бурулуп, мамлекеттик кызматтарга тартуу жандангандыгын билдирди.

Сыргабаев жаштар өлкө калкынын 28 пайызын түзүп, коомдун эң жигердүү жана жаратман бөлүгү экенин айтты. Аны багытуу пайдалануу, областты өнүктүрүүдөгү натыйжалуу идеялары, сунуш-пикирлери бар жаштар менен кызматташууга ар дайым даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуу "Жалал-Абад жаштар коому" тарабынан демилгелеген. Анда аймакта орун алып жаткан бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, талкууга алынды. Жаштар тарабынан коомду өнүктүрүүдө алгач билим берүү сапатын жогорулатууга басым жасалышы керектиги айтылды. Ал үчүн жалпы элди китеп окууга багыттоо, балдарды туура тарбиялоодо ата-энелер менен психологдордун жолугушууларын уюштуруу, окуучу жана студенттер мектеп менен жогорку окуу жайларында кабылган маселер белгиленип, сунуштар айтылды.

Облус жетекчиси кемчиликтерди жоюуда жаштардын ой-пикирлери эс алынарын, ал үчүн тийиштүү тармак башчыларына тапшырмалар берилерин айтты.

Пикир

Оставить комментарий