• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысынын жаңы жылдык майрамы онлайн форматта өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык майрамы онлайн форматта өттү.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, салтанат облустук билим берүүнүн усулдук борборунда болуп, облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышты. Аралыктагы саамалык район-шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүндө өтүп, окуучулар, мугалимдер жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Сыргабаев балдарды майрам менен куттуктап, талыкпай билим алууга чакырды.

“Шартка ылайык бул жылкы балаты майрамын онлайн өткөрүп жатабыз. Ошентсе да ар бириңиздерде жаңы жылдык көтөрүнкү маанай бар деп ишенем. Аралыктан сабак өтүү, билим алуу мугалимдер, окуучулар менен ата-энелерге да бир катар маселелерди жараткандыгы баарыбызга маалым. Бул түзүлгөн пандемиялык абалга байланыштуу болду. Ошол эле учурда сиздерде заман талабына ылайык жаңы байланыш каражаттарын өздөштүрүүгө да мүмкүнчүлүк жаралды. Келечек муундарды мыкты инсан, кесипкөй кадр кылып даярдоодо эң алгач билим сапатын жогорулатууга көңүл бурушубуз зарыл. Мында биз сиздерге керектүү шарттарды жаратуу аракеттерин улантабыз”, - деди облус башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактардагы балдарга жергиликтүү бийлик жетекчилери тарабынан, өлкө башчысынын жана өкүлдүн жаңы жылдык белектери тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий