• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун эки районунда 13 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Токтогул районунда 13 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ала-Бука районунда Жаңы-Шаар жана Ынтымак айылдарындагы 3 гектар жерде 1 тоннадан ашык кара куурай өрттөлгөн.

Ал эми Токтогул районунда 19 гектар жердеги 12 тоннадан ашык кара куурай жок кылынган.

Мындай иш-чаралар башка айылдарда да жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Тогуз-Торо жана Аксы райондорунда 10 гектар жердеги 3,5 тонна кара куурай өрттөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий