• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жаңы ФАП ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө “Фрунзе” аталыштагы жаңы ФАП ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик, райондук администрациянын жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлдөрү, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн бийлик жетекчилери менен айыл тургундары катышкан.

ФАП демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 6 ай ичинде курулуп бүткөрүлгөн. Курулуш иштерине 1 миллион 200 миң сом жумшалган.

Буга чейин аталган айыл өкмөттө ФАП катары турак-жайдын бир бөлүгү пайдаланылып келген. Учурда жаңы ФАПта тѳрт медициналык кызматкер иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий