• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун казысы болуп Нематила Жээнбеков дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы болуп Нематила Жээнбеков дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев облустук казыяттын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.

Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий