• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ата айылында мектептин курулушу аяктады - сүрөт

Билим 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында Чангылов атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелип, ал эми 500 окуучуга чейин окутууну камсыз кылат.

“Жаңы мектепте окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал жана жабдылган химия, эмгек, физика жана информатика класстары бар”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мектепте толук кандуу окуу процесси үчүн бардык зарыл болгон шарттар, жабдуулар жана эмеректер каралган.

Белгилей кетсек, жаңы мектептин курулушу өткөн жылдын январь айында башталып, алардын сметалык наркы 705 миң 438 долларды түзгѳн.

Пикир

Оставить комментарий