• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Ата айылындагы мектептин курулуш иштери 50%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 21.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы Ы.Чангылов атындагы мектептин жаңы окуу корпусунун курулуш иштери 50%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы окуу корпус 225 окуучуга эсептелген. Мындан тышкары долбоор боюнча спорттук жана актылык залдар курулууда.

Имараттын ички дубалдарын шыбоо, чатырдын жыгач каркасын монтаждоо, сырткы фасаддын катмар менен жасалгалоосу, электрокабель жана монтаж жумуштары бүткөрүлдү. Учурда чатырын орнотуу жумуштары аяктоодо.

Белгилей кетсек, Сауд Өнүктүрүү фондунун эсебинен Жалал-Абад облусу боюнча 3 билим берүү объектиси курулууда. Имараттардын курулушун аяктоо мөөнөтү 2021-жылга пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий