• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери Баткенде кызмат өтөшүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлер Баткен жергесинде кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар чек арага байланыштуу ок атышуу башталган кезде жолго чыгышкан жана көптөгөн жоготууларга учураган Лейлек районунун Арка айылында коомдук тартипти көзөмөлгө алышууда.

Ок атышуу токтой элек учурда Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, провокациялык кадамдарга барбоого чакырган. Ошондой эле өздүк курамдын башында өзү туруп, алардын аткарып жаткан жумуштарын, жашоо шарттарын көзөмөлгө алууда.

Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери күндүзгү учурларда жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, түнкү учурда кайгуулдоо багыттарына чыгышууда.

Пикир

Оставить комментарий