• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун район акимдери жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Тестирлөөгө жалпы 19 район акимдери жана алардын орун басарлары катышууда. Буга чейин Ала-Бука жана Тогуз-Торо районунун акимдеринин орду бош болуп сынак жарыяланган. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоодон өткөрүү боюнча убактылуу жобо кабыл алынган. Анда мамлекеттик кадр кызматынын, президенттик, өкмөттүк аппараттын, министрликтерден жалпы 12 мүчөдөн турган комиссия түзүлгөн.

КРнын мамлекеттик кадыр кызматынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Аттокуровдун айтымында, тестирлөө толугу менен ачык-айкын өткөрүлүп жатат.

Район акимдеринин жана алардын орун басарларына келүүчү суроолор мамлекеттик кадыр кызматы тарабынан күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонгон мыйзамдар боюнча даярдалган. Ал сынак башталганда гана жиберилет. Алардын жыйынтыгы менен комиссия мүчөлөрү үч чечим кабыл алат. Биринчи чечим "өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар" деп кадрлар резервине киргизилет. Экинчиси - "өз кызмат ордунда калат". Үчүнчүсү - "ээлеген кызматына ылайык эмес" деген чечим менен жумуштан бошотулат.

Аттестациялоонун жыйынтыгы менен эртең, 17-март күнү аңгемелешүү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий