• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттары тандалды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда атайын комиссия облустун символикалык атрибуттарын тандоо боюнча акыркы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, комиссия курамына кошулган облустагы тармактардын кызматкерлери жана аксакалдар катышты.

Жалал-Абад облусунун туусу, герби жана гимни келип түшкөн жалпы эмгектердин арасынан тандалды.

Алардын жеңүүчү авторлору гербди Бакыт Байжигитов, тууну Мирлан Жунусалиев, гимндин текстин Самидин Стамбеков жазса, обонун Арзыбек Бедияров даярдаган.

Символикалык атрибуттарда облустун аймагындагы негизги өзгөчөлүктөр камтылган.

Гербдин ортосунда Жалал-Абаддын аркасы, айланасына облус өлкөдөгү электр энергетиканын борбору катары сүрөттөлүп, мунай өндүрүү, айыл чарба, жаңгак токоюу, Саймалуу-Ташта түшүрүлгөн байыркы сүрөт элементтери чагылдырылган. Ал эми туу көк түстө болуп, сол тарабында улуттук оймо чийме, ортосунда алтын түстөгү учуп бара жаткан шумкар жана күндүн 12 шооласы түшүрүлгөн. Бул облустун он эки район-шаарларын билдирет. Гимнде да аймактын баалуулуктары даңазаланган.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун символикалык атрибуттарын кайрадан түзүү боюнча жарыяланган сынак төрт ай бою жүрүп, 15ке жакын сунуштар келип түшкөн.

Алдыда жеңүүчүлөргө бөлүнгөн жалпы 200 миң сом (тууга, гербге, ураандын текстине, ураандын музыкасына 50 миң сомдон) акча каражаты тапшырылат.

Облустун символикалык атрибуттары алгач 1997-жылдары кабыл алынган. Кийин алардын айрымдары саясий партиялардын эн белгилерине окшоп калгандыктан нааразычылыктар жаралып, колдонулбай калган.

Пикир

Оставить комментарий