• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун төрт районуна 150 тонна арпа үрөнү алып келинди

Аймак 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна алгачкы сапаттуу үрөндөр жеткириле баштады, - деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 2-мартта Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондоруна жалпы 150 тонна арпа үрөнү алып келинди. "Алар аймактардагы кезекке турган дыйкандардын керектөөлөрүнө ылайык бөлүштүрүлүп, эки жылдык мөөнөт менен насыяга берилет. Сапаттуу үрөндөр Россиядан алынып, алдыда облуска башка дан эгиндеринин үрөндөрү да жеткирилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий