• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун туризм потенциалын өнүктүрүү чаралары талкууланууда

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Туризм кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө, - деп билдирет Туризм департаментинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында GIZ «Визит Жалал-Абад» долбоорунун жыйынтыкталышы, аймакта туризмди өнүктүрүү жана көйгөйлүү маселелер кызуу талкууланууда.

Иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Сыргабаев, аймактык чек ара, бажы, өзгөчө кырдаалдар жана ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, IRDP долбоорунун менеджери Кэте Бракхам, Туризм департаментинин мүдүрүнүн орун басары К. Кенжематова, Ош жана Жалал-Абад дестинацияларынын жетекчилери, Youth of Osh коомдук бирикмесинин аткаруучу мүдүрү А. Сатинбаева, туристтик ишмердик өкүлдөрү, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жана башкалар катышууда.

2022-жылга карата мерчемделген аймактык туризмди өнүктүрүү боюнча Туризм департаментинин иш аракеттери алкагында да катышуучулар бир катар суроолорду узатып, тийиштүү жоопторду алышууда.

«Жалал-Абад облусунун туризм дарамети өзгөчө жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Облустагы тарыхый-маданий жана табият мурастарын сактоо, туруктуу туризмди өнүктүрүү учурдун абдан маанилүү жана актуалдуу тапшырмасы. Туризм мамлекеттик экономиканын приоритеттүү тармагы болгондуктан, туризмди калыбына келтирүү жана андан ары туруктуу өнүктүрүү - аймактардагы башкы милдет. Кызыктар тараптар комплекстүү иш-аракеттерди ыкчам жана биргеликте жүргүзүүсү абзел», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий