• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү соттору жана Бишкектин райондук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун жергиликтүү соттору жана Бишкек шаарынын райондук сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, президенттин 2019-жылдын 14-ноябрдагы ПЖ №156 Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр дайындалды;

-Ала-Бука райондук сотуна - Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич,

-Базар-Коргон райондук сотуна - Жороев Эльдияр Жолборсбекович,

-Кара-Көл шаардык сотуна - Уметалиева Чолпонай Маматовна,

-Майлуу-Суу шаардык сотуна - Маматалиев Таалайбек Ажибекович,

-Ноокен райондук сотуна - Култаев Талантбек Какаевич,

-Таш-Көмүр шаардык сотуна - Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич,

-Тогуз-Торо райондук сотуна - Кангелдиев Калыйнур Ратбекович,

-Токтогул райондук сотуна - Ормушев Тилек Эмилбекович,

-Чаткал райондук сотуна - Маматов Куштарбек Иссаевич,

-Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна - Туражанова Жамиля Асадуллаевна,

-Октябрь райондук сотуна - Баймуратова Күмүшай Шакировна, Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич, Нурбеков Алмаз Турусбекович,

-Биринчи май райондук сотуна - Бердимуратов Чыңгызбек Муртазакулович, Эсенбаев Адылбек Маматибраимович,

-Свердлов райондук сотуна - Кадыркулова Алма Камчыбековна жиберилди.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген анттарына бек турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий