• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад облусунун жетекчиси Дүйнө кубогунда коло уткан Калы Сулаймановду куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Дүйнө кубогунда коло медаль уткан Калы Сулаймановду куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүн, 18-декабрда облус башчысы спортчуну жана анын машыктыруучуларын кабыл алып, жеңиши менен Жалал-Абад облусун гана эмес, бүткүл өлкөнүн намысын коргоп, сыймык алып келгенин айтты.

Спортчунун ийгилигинде машыктыруучулардын да салымы чоң экенине токтолуп, ыраазычылыгын билдирди. Сыргабаев спорт тармагын өнүктүрүү жана алдыда спортчуларга колдоо көрсөтүү аракеттери көрүлөөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Калы Сулайманов 12-18-декабрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде 63 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий