• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын кызматкерлери медиктерге колдоо көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын кызматкерлери медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүштү.

Жалла-Абад облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, борбордук аппараттын айрым кызматкерлеринин демилгеси менен Жалал-Абад шаарында жападан жалгыз иштеп жаткан түнкү стационарда кызмат өтөгөн медайымдардын абалынан кабар алышып, бир күндүк ысык тамак уюштурулду.

Милиция тарабынан алардын азыркы учурдагы күн-түн дебей элдин саламаттыгы үчүн жасап жаткан кызматы коом тарабынан бааланып жатканы белгиленди. Медиктер өз кезегинде колдоо көрсөтүп келген тартип сакчыларына ыраазычылыктарын билдиришип, ден соолук каалашкан.

Пикир

Оставить комментарий