• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги райондордогу милиция бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышууда

Аймак 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев райондук ички иштер бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү менен таанышууда. Ал Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБнын, Ала-Бука жана Аксы РИИБдин өздүк курамы менен жеринде жолугушуп, имараттын абалы, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттары менен жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ашим Тагаев кызматкерлерди эл үчүн ак дилден татыктуу кызмат өтөөгө, кызматтык тартипти бекем сактоо менен бирге кылмыштуулуктун алдын алууга, катталган кылмыштардын бетин ыкчамдык менен ачууга жана жарандар менен болгон мамиледе сылык болууга чакырды. Ошондой эле милиция кызматкерлери коррупцияга, баңгизатына байланыштуу окуяларга аралашпоосу жана спирт ичимдиктеринен алыс болуусу керектигин катуу эскертип, бир катар тапшырмаларды койду.

“Жетекчиликтин алгачкы максаты сиздер үчүн толук кандуу шарт түзүү, бул багытта мен болгон аракетимди көрөмүн, сиздер ошого жараша чын дилден кызмат өтөп, коюлган тапшырмаларды өз убагында аткарыңыздар. Ар бир жаран форма кийип милиция кызматкери боло албайт, сиздер менен катарлаш турабыз, демек сиздер мекенчил жана өз элин артык сүйгөн инсансыздар. Жогорку юридикалык билимдүүсүздөр, андыктан элдин көйгөйүн жеринде чечүү, жергебиздеги коомдук тартипти көзөмөлдөө, элдин милицияга болгон ишеничин арттыруу биз үчүн сыймык. Мен өздүк курамга толугу менен ишенем”, – деп белгиледи Ашим Тагаев.

Жолугушууга келген Аксы районунун акими Жыргалбек Шакиев жана ардагерлер сөз сүйлөшүп, Ашим Тагаевдин бул кадамдарын туура баалашты.

Пикир

Оставить комментарий