• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги тарабынан милиция бөлүмдөрү текшерилди

Аймак 0


Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков Кара-Көл, Таш-Көмүр жана Ноокен ШРИИБдеринин Нөөмөт бөлүмчөлөрүнүн жана тергөө-ыкчам тобунун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Негизги максат жарандар тарабынан чакыруулар болгон учурда милициянын ыкчамдык менен жетип баруусун камсыз кылуу жана жеке гигиеналык нормаларды сактоо болуп саналат. Иш сапардын жүрүшүндө кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар, тиешелүү иш-кагаздары текшерилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу тапшырмалары берилди.

Нурбек Сыдыков күндүн экинчи жарымында Ноокен РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасында жергиликтүү тургундардын сунуштарын укту. Жарандар менен маектешип, алардын суроолоруна жооп берип, милиция менен элдин ортосунда жаралган маселелерди талкуулашты.

Тургундар менен жолугушкан учурда милициянын көчмө кабылдама унаасы жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алуу үчүн ишке киргизилгени белгиленди. Алар райондун кайсы аймагында болбосун бул унаадагы кызматкерлерге арыздарын калтырууга болоору, кабыл алынган арыз-даттануулар тиешелүү тараптарга жөнөтүлүп, милицияга тиешелүү кагаздарга ыкчамдык менен чаралар көрүүлөрү айтылды.

Ошондой эле коронавирус илдетине байланыштуу санитардык нормаларды сактоо керектиги эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий