• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы катардагы жана кенже жетектөөчү курамындагы кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” КР мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы Кыргызстандын жарандары катыша алат.

Бош кызмат орундары:

- Жалал-Абад ОИИБнин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу ШИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоо изоляторунун милиционеринин 2 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр ШИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун коштоочу-милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын коштомо-күзөт тобунун автозак айдоочу-милиционеринин 1 бош (вакант) кызмат ордуна.

Тиешелүү документтер 2021-жылдын 17-июлуна чейин кабыл алынат.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.

Байланыш телефондору: (03722) 7-02-81.

Пикир

Оставить комментарий