• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад ОИИБи: Кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук милициясынын кызматкерлери тарабынан алдамчылык фактылары боюнча шектүү кармалып, аны менен катар ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушкан - 10 атуулдун үстүнөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, Жалал-Абад шаарынын аймагындагы күрөөканаларды иштеткен ишкерлердин ишеничине кирип, акча алып, ушул күнгө чейин алдап бербей жүргөн атуулдун үстүнөн арыз түшкөн. Алардын арызы Кылмыш жана жоруктардын биридиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өндүрүш ишинин алкагында жабырлануучулар шектүүдөн акчаны берүүнү талап кылып, байланышкан учурда ал өзүнүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсүнөн экендигин билдирип, коркутканга чейин баргандыгы аныкталган.

Тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырма берилип, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, 2017-жылдан бери ИИМде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган М.А. аттуу тургуну 28-февраль күнү кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Шектүүнү көрүп, таанып, андан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБне же (0776) 03-63-28 номерине кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий