• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад ОИИБи: Сузакта биргелешкен бир апталык иш-чара жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмү, райондук мамлекеттик администрация, прокуратура, билим берүү, социалдык коргоо бөлүмү жана социалдык педагогдор тарабынан бир апталык биргелешкен иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын алкагында Сузак районундагы айыл аймактар түзүлгөн графиктин негизинде бөлүштүрүлүп, профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Жыйынтыктоочу семинар Ырыс айыл аймагындагы М.Юсупова атындагы №15 жалпы орто билим берүүчү мектебинде уюштурулду. Ага Сузак РИИБнин башчысынын орун басары Канатбек Саркаров, Сузак районунун прокурорунун орун басары Мирбек Тажибаев, Ырыс, Атабеков айыл аймактарындагы мектептердин уюштуруу иштери боюнча орун басарлары жана мектеп окуучулары катышышты.

Алгач семинардын катышуучуларына мектеп мугалимдери жана окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле эрте турмуш куруунун, диний экстремизмдин, кылмыштуулуктун терс жактары камтылган сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Алдыда келе жаткан Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата жогорку класстардын уландары арасында мелдеш да өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак РИИБдин башчысынын орун басары Канатбек Саркаров сөз сүйлөп мектеп окуучуларын кылмыш жана кырсыктардан алыс болууга чакырды. Аларды мыкты билим, тарбия алууга, мекенди жана спортту сүйүүгө үндөдү. Ошондой эле биргелешкен профилактикалык иш-чара буга чейин Сузак районундагы башка айыл аймактарда жүргүзүлгөндүгүн айтып, бул сыяктуу иштер улантыла тургандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан активдүү катышуучуларга ардак грамоталар жана атайын китепчелер тапшырылды.

Айта кетсек өткөн жылы Сузак районунун аймагында КЖБРге жашы жете электер тарабынан жасалган 32 кылмыш жана 7 жорук катталган.

Пикир

Оставить комментарий