• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад ОИИБи: Жер-жерлерде профилактикалык жумуштар уланууда

Аймак 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында милиция тарабынан профилактикалык жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Аба-ырайынын ар түрдүү шартына карабастан түшүндүрүү иштери улантылууда.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар шаар аймагындагы соода түйүндөрүндө, мектептерде санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлгө алышууда. Ар бир жаран жугуштуу илдеттин алдын алууда кайдыгер мамиле жасабай, айтылып жаткан талаптарды сактоо зарылдыгы эскертилди. Мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, медициналык каражаттарды колдонуу учур талабы экендиги белгиленди.

Ал эми Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери мектептердин социалдык адистери менен биргеликте окуучулардын онлайн сабактарга катышуу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө алышты. Текшерүү учурунда 16 жаш өспүрүм оор шарттагы үй-бүлөдө жашагандыгы аныкталып, тиешелүү материалдар чогултулуп, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий