• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад:Окуучулар рэкетчиликке каршы

Аймак 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жаштар комитети окуучулар арасында рэкетчиликке каршы мазмундагы видео-роликтерге сынак жарыялаган.Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, сынактын максаты - мектеп окуучуларынын арасында болуп жаткан рэкетчилик көрүнүштөрүнө каршы натыйжалуу каршы турууга окуучулардын өздөрүн катыштыруу болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад шаарындагы Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары даярдаган видео-ролик жеңүүчү деп табылды. Бул тууралу Жалал-Абад шаарынын жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, окуучуларды коомдо болуп жаткан ушундай терс көрүнүштөрдөн өспүрүмдөрдү алыстатуу багытындагы даярдап келген видео-тасмалары калыстар тобунун назарына коюлду.

“Тасмаларда терс көрүнүштөрдүн келип чыгышы, аларды жаап-жашыруунун кесепеттери жана аларга каршы туруу зарылдыгы көрсөтүлдү. Катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор жана акчалай сыйлык каралган. Максатыбыз өспүрүмдөр арасында рекетчиликтин алдын алуу жана аны болтурбоо”, -деп белгиледи ал.

Б.Ташбаев кошумчалагандай, сынакка Жалал-Абад шаарындагы 18 мектеп катышкан. Жеңүүчү деп табылган мектеп окуучулары менен биргеликте кылмыштуулукка каршы жаңы тасма тартылып, мектептер арасында коюлмакчы.

Пикир

Оставить комментарий