• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: президент турмуш шартына байланыштуу окууга барбай калган балдарга окуу куралдарын белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев турмуш-шартына байланыштуу мектепке барбай жаткан 7 балага президент жиберген кийим-кече жана окуу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы келечек ээлерин мындан ары сабактарын калтырбай, мектепке баруусу зарылдыгын белгилеп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле шаарда жайгашкан “Ак жол” реаблитациялык борборундагы 18 балага да, өлкө башчысы тарабынан кышкы жылуу кийимдер тапшырылды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун "Балдардын билим алууга конституциялык укугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында Жалал-Абад шаарында тийштүү адистерден турган комиссия үйлөрдү кыдырып, окууга тартылбай калган 7 баланы аныктаган.

Пикир

Оставить комментарий