• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Президенттин белеги дарегине жетти

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын 9 жаштагы жашоочусу Али Солтонбаев президент Сооронбай Жээнбековдун белегин алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аны бүгүн шаар мэри Мураталы Тагаев окуучунун үйүнө алып барып тапшырды.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкө башчысы тарабынан ноутбук берилди. Буга чейин аталган окуучу онлайн сабактарында жеткиликтүү билим алуусу үчүн компьютер керектиги боюнча кайрылуу жиберген.

Али Солтонбаевдин ата-энеси каза тапкан, учурда жакын тууганынын кароосунда. Ал калаадагы №3 Ж.Бакиев мектебинде 3-класста окуйт.

Пикир

Оставить комментарий