• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: Өрт өчүрүүчүлөр бөбөктөрдүн көзү менен - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Өрт-тилсиз жоо” аттуу сүрөт тартуу боюнча сынактар өткөрүлдү.

Иш-чаранын башкы максаты - жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыгуучу өрт кырсыктардын алдын алуу, жеткинчектердин өрт коопсуздугу боюнча аң-сезимин жогорулатуу.

"Иш-чаралар Тогуз-Торо районунда жана Таш-Көмүр шаарында уюштурулуп, мектеп мугалимдери жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, алкыш баракчалары жана баалуу белектер менен сыйланышты", - деп кабарлашты ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, “Өрт-тилсиз жоо” аттуу сүрөт тартуу боюнча сынактары облустун башка район, шаарларындагы мектептеринде да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий