• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: салык жыйноо көлөмү өсүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына 2017-жылдын январь-сентябрь айларына салык жыйноо боюнча жеткирилген план-тапшырма 476 миллион 723,1 миң сом болсо, ал 488 миллион 749,8 миң сомго аткарылган. Пландан ашыкча 12 миллион 26,7 миң сом чогултулду же 102,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларына республикалык бюджетке жеткирилген план-тапшырма 248 миллион 256,2 миң сом болсо, аткарылганы 254 миллион 427,6 миң сом болду. Жеткирилген план-тапшырманын аткарылышы 102,5 пайызды түзүп, планга салыштырмалуу бюджетке 6 миллион 171,4 миң сом көп түштү.

Жергиликтүү бюджетке отчёттук мезгилге жеткирилген план-тапшырма 228 миллион 466,9 миң сом болсо, аткарылганы 234 миллион 322,2 миң сом болуп, жеткирилген план-тапшырмадан 5 миллион 855,3 миң сомго көп салык жыйналды жана пландын аткарылышы 102,6 пайызды түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда жергиликтүү бюджетке 4 миллион 864,5 миң сом бюджетке көп салык жыйналып, өсүү темпи 102,1 айызды түзгөн.

Салык карыздары 2017-жылдын 1-январына карата 26 миллион 563,4 миң сомду түзгөн болсо, 1-октябрга карата 23 миллион 621,5 миң сомду түзүп, жылдын башындагы карызга салыштырмалуу 2 миллион 316,3 миң сомго кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий