• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Санитардык талаптарды аткарбагандарга айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 26.09.20./Кабар/. Жалал-Абад шаарында вице-мэр Нуртилек Орозбаев баштаган топ борбордук базардагы абалды кайрадан текшеришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык текшерүүнүн жыйынтыгында эки эт сатуучу жана эки коомдук тамактануучу жайга санитардык эпидемиологиялык эрежелерди так сактабагандыгы үчүн айыппул салынды.

“Буга чейин адистер аталган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда сатуучулар кардарларды коргоочу каражаттары менен тейлеши керектиги айтылып, атайын эскертме кагаздары берилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шаар бийлиги коронавирустун экинчи толкунунун алдын алуу багытында мындай текшерүү иштерин дагы да улантат.

Пикир

Оставить комментарий