• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Санитардык талаптарды сактабаган бир катар тамактануучу жайлар жабылды

Аймак 0

Бишкек, 29.09.20 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар кайрадан текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Нуртилек Орозбаев жана тийиштүү тармактын адистери коомдук тамактануучу жайларга рейд жүргүзүштү. Санитардык талапка жооп бербеген бир катар жайларга комиссиянын чечими менен айыппул салынып, жабылды.

Буга чейин мэрдин тапшырмасы менен базарларга, тамактануучу жайлар рейд жүргөн. Санитардык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн бул иш-аракеттер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий