• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад: сел тосмонун иши жанданды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчемине ылайык, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш айылынын Промысло участкасындагы сел тосмосун бетондоо жумуштары башталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган тосмону курууга ӨКМ тарабынан товардык-материалдык баалуулуктар алынып берилген.

Ал эми курулуш иштери ашар жолу менен аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий