• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: Сентябрь айынан тарта жума намазын мечиттерде окуу пландаштырылууда

Аймак 0

Бишкек 26.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 4-сентябрдан тарта жума намазын мечиттерде окуу пландаштырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарында штабдын чечими менен 1-сентябрга чейин жума намазын мечиттерде окууга тыюу салынган.

"Мечиттерге келген жарандар санитардык эрежелерди так сактоосу зарыл", - деп айтылат билдирүүдө.

Талаптар:
- Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу талап кылынат;
- Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат;
- Мечитте адамдардын ортосунда 1 жарым метрдик аралыкты так сактоо зарыл;
- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
- Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;
- Мечитке келгендер көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;
- Саат 13:15де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү;

- Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;
- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий