• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад: шаар мектептеринин даярдыгы канааттандырарлык деп бааланды

Аймак 0

Бишкек, 29.08.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жалпы жонунан канааттандырарлык деңгээлде. Бул Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин жыйынында белгилүү болду. Аткаруу комитетинин мүчөлөрү жалпы даярдыктын абалына ушундайча баа беришти.

Шаардагы бардык 20 мектепте буга чейин оңдоп-түзөтүү иштери жүргөн. Буга карата республикалк бюджеттен 1 миллион 693 миң 700 сом, демөөрчүлөрдөн 868 миң 800 сом, ата-энелер фондуларынан 2 миллион 769 миң 966 сом, жалпысынан 13 миллион 121 миң 466 сом каражат тартылган.

Ошентсе да айрым мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы кечеңдеп, айрым мектептерде балдардын окуусуна жана мугалимдердин иштөөсүнө толук шарттар жаратылбай калгандыгы аткаруу комитетинде баса көрсөтүлдү жана мындай майда-барат кемчиликтерди мектептерде окуу башталганга чейин жоюу талабы айтылды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарындагы мектептерге 2007 окуучу келе турган болсо, алардын 1800ү 1-класска келишет. Шаар боюнча 691 класс-комплект уюштурулуп, ар бир класска окуучулардын бөлүнүшү 29ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий