• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

Аймак 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан Канат Турдукуловго төш белги жана күбөлүк тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Ал буга чейин "Жалал-Абад Тазалык" мекемесинде жетекчилик кызматты аркалап, өз арызы менен кызматынан бошотулган болчу.

Пикир

Оставить комментарий