• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутаттар келди

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутаттар келди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVII сессиясынын алдында төрага Нуртилек Орозбаев жана мэр Эрнисбек Ормоков “Ата Журт Кыргызстан ” саясий партиясынан Уларкан Бекешова жана Согдиан Даминовго төш белги жана күбөлүк тапшырды.

Жаңы депутаттар “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Айбек Жолдошев жана Жаннатхан Кебекованын ордуна келди.

Белгилей кетсек, Айбек Жолдошев Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары кызматына дайындалгандыгына байланыштуу мандатын тапшырган. Ал эми Жаннатхан Кебекова өз арызы менен мандатын тапшырган болчу.

Пикир

Оставить комментарий