• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары эпидкырдаалды талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде эки маселе каралды. Алар - Жалал-Абад шаарындагы COVID-19 пандемиясынын күчөшүнүн алдын алуу үчүн чараларды күчөтүү, ал эми экинчиси ар түрдүү маселелер.

Сессияга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, дарыгерлер катышты.

Депутаттар рейддерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп, ага эл өкүлдөрүн да тартууну сунушташты. Ошондой эле оорунун алдын алуу жана жайылуусун токтотуу үчүн бала бакча, базарлар, кафе-ресторандарды, мечиттерди бир айга жаап турууну сунушташты. Бирок, оору менен катар күч алып жаткан кымбатчылыкты эске алуу менен кафе-ресторандардын, коомдук тамактануучу жайлардын орундуктарын 50%га кыскартуу менен той-аштарга, массалык иш-чараларга гана тыюу салынды.

Мындан сырткары, менчигинин түрүнө карабай бардык коомдук жайларда беткап, антисептикалык каражаттарды колдонууну күчөтүү жагы аткаруу бийлигине милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий