• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары мектептердеги тамактын берилүүсүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары мектептердеги ысык тамак жана шашке чайдын берилүүсүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаарынын вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаттары, санэпидкөзөмөл, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, калаадагы мектептерди кароодон өткөрүштү.

Анда тамактарда канча грамм белок, витаминдер болушу керектиги, мектептеги ашпозчулардын сертификаттары, колдонулуучу буюмдар жана азыктар текшерилди. Аны менен катар эл өкүлдөрү шаардагы бир катар мектептердин көйгөйлөрүнө күбө болушту.

Алар №11 мектептин чатыры эскиргенин, жылытуу системасынын жоктугу, ашкананын тардыгын, курорт аймагында жайгашкан № 22 мектепте ашкана жоктугунан окуучулар шашке чайды класстык бөлмөдө орундарында ичүүгө туура келерин көрүп чыгышты.

Жалал-Абад шаарындагы 20 мектептин 5 билим уясында бир маал ысык тамак берилет, калган мектептерде 1-4- класска чейин шашке чай берилет.

Эл өкүлдөрү рейд учурундагы көйгөйлөрдү шаардык кеңештин кезектеги сессиясына алып чыгышарын белгилешти.

Алдыда мындай текшерүү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий