• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары таркады

Аймак 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин бүгүнкү сессиясына мандат алган 31 депутаттын 23чү катышып, таркап кетүү боюнча бир добуштан чечимге келишти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын 11-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгы менен шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары өтүп, беш фракция түзүлгөн. Адегенде “Республика – Ата-Журт”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары биригип, көпчүлүк коалициясын түзүштү, бирок биринчи уюштуруу сессиясындагы маселелерди чечкенге добуштардын жетишсиздигинен (депутаттардын жалпы санынын үчтөн бири) кризиске тушуккан.

Кийин фракциялардын ортосундагы саясий тирешүүдөн майнап чыкпасын билген “Республика – Ата-Журт” фракцмясы көпчүлүк коалициядан чыгып, кайрадан КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт” фракциялары көпчүлүк коалициясын түзүштү, бирок биринчи уюштуруу сессиясындагы маселелерди чечкенге добуш жетишпей, кайра эде кризис келип чыкты. Тирешүүлөрдөн жана сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, акыр таркап кетүүгө туура келди.

Бул сессияга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары келишкен жок.

Эскерте кетсек, депутаттык фракциялардын ортосундагы тирешүүдөн улам шаардын бюджети өз учурунда кабыл алынбай, шаардагы 100 миллион сомдук курулуш иштери баштала элек. Андан сырткары, ишке кирүүчү 17 миллион долларлык инвестициялык долбоорлор бекитилбей, 15 миллион сомдук стимулдаштыруу грантын алуу маселеси чечилбей турат.

Пикир

Оставить комментарий