• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-сентябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Сессияда 7 маселе каралды.

Алар:

1) Жалал-Абад шаарынын Островский кѳчѳсү №117 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 25268,0 чарчы метр түзгѳн муниципалдык жер аянтында турган “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк лицейинин ижара акысы жѳнүндѳ

2) Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылдык башкармалыгына караштуу Кызыл Суу айылына чакан ГЭС куруу үчүн 1,5 гектар жер тилкесин бѳлүп берүү жана ошол жердин ижара акысы жѳнүндѳ

3) Жалал-Абад шаарынын Л.Бакирова кѳчѳсүндѳ жайгашкан муниципалдык жерлерди футбол академиясына ижарага берүүгѳ макулдук берүү жана жеринин ижара акысы жѳнүндѳ

4) Жалал-Абад шаарынын Пионер кѳчѳсү, №6 дарегинде жайгашкан муниципалдык нан бышыруучу цехтин жер тилкесин жана имаратын №16 «Ромашка» балдар бакчасына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ

5) Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 17.09.2020-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын 9-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө (Ж.Бакиев, 27 дарегиндеги мүлк жѳнүндѳ)

6) Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын муниципалдык жүргүнчүлѳрдү ташуучу автобазасына автобус сатып алуу боюнча долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бѳлүп берүү жѳнүндѳ

7) Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондунан Жалал-Абад Тазалык муниципалдык мекемесине атайын техника сатып алуу боюнча долбоорго макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бѳлүп берүү жѳнүндѳ

Ар түрдүү маселелердин алкагында көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан жеке ишкерлерге карата жашоочулардын арызы каралды.

Шаардык кеңештин депутаттары маселерди талкуулап, айырмдарын кийинки сессияга калтырса, шаардын, элдин кызыкчылыгына дал келген бир топ маселерди колдоп беришти.

Пикир

Оставить комментарий