• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Кечээ, 26-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде каралаган маселелер боюнча Жалал-Абад шаарындагы бир катар мыйзамсыз басып алынган жерлерге мыйзамдаштыруу жагы каралды.

Шаар боюнча 142 гектар жер аянтын трансформациялоо каралган болсо, учурда 74 гектар жер өкмөттүн кароосуна жөнөтүлүп, 35 гектар жер аянтын жеринде кайрадан карап чыгуу тапшырмасы коюлду. Ушул күнгө карата 1337 үйдүн тийиштүү кагаздары жок. Ал эми шаар боюнча 3,5 миң жаран жер участогун алуу үчүн кезекте турушат.

Эске сала кетсек, КР президенти С.Жапаров 2021-жылдын 13-августунда "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койгон. Мында негизинен турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий