• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XI сессиясы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Алгач, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаевдин 2021-жылы аткарган иштери тууралуу отчет жана жыл ичинде кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн акы өлчөмүн бекитүү жана муниципалдык менчиктеги мүлктү КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүүгө макулдук берүү боюнча маселе бир добуштан колдоо тапты.

Андан сырткары, Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын КРнын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2021-2025-жылдарга карата программасы бекитилди жана жеке кожолуктардын документтерин мыйзамдаштыруу үчүн макулдук берилди. Ошол эле аймактын чек араларын тактоо менен 151 га жерди шаардын аймагына өткөрүп алуу үчүн КР министрлер кабинетине сунуш жөнөтүү боюнча маселе каралды.

Пикир

Оставить комментарий